Биз менен байланышыңыз

«Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 26 Авг 2019 | 576 | 0

«Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай (Jamie Fly) бүгүн, 26-августта Тажикстандын Душанбе шаарына барат. Бул «Азаттык» радиосунун тарыхындагы президентинин Тажикстанга болгон биринчи сапары. Андан соң Флай Казакстан аркылуу Бишкекке келе турганын «Ахбор» маалымат сайты жазды.

Маалыматка ылайык, Флайдын Кыргызстанга болгон визитинин алкагында президент Сооронбай Жээнбеков жана парламенттин мүчөлөрү, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушары айтылат.

Жейми Флай «Азаттык» радиосуна презимденттик кызматына ушул жылдын 1-августтунда келген.

Эске салсак, ушул жылдын 26-мартында «Азаттык» радиосунун Тажикстандагы кызматы башкача айтканда «Озоди» радиосу Тажик бийлигинин кызыкчылыгына кызмат кылгандыгы айтылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM