Биз менен байланышыңыз

Социалдык буйрутма программасын башка шаарларда да иштетүү пландалууда

Кыска кабар | 26 Авг 2019 | 395 | 0

Бишкек шаарында пилоттук режимде текшерип көрүү үчүн киргизилген мектепке чейинки билим берүү тармагындагы мамлекеттик социалдык буйрутма программасын башка шаарларда дагы иштетүү пландалууда. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат куызматы билдирди.

Программаны аткаруучу болуп Билим берүү жана илим министрлиги эсептелет.

Мамлекеттик колдоону көп балалуу (беш жана андан ашык) жана социалдык аярлуу үй-бүлөлөргө, ошондой эле багуучусун жоготкон үй-бүлөлөр жана айлык акысы 10-12 миңден төмөн болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ала алышат. Ата-энелердин биринин I же II топтогу майыптыгы бар үй-бүлөлөр дагы өтүнмө калтыра алышат.

Баа саясатын аныктоо үчүн Бишкек жана Ош шаарларындагы жеке менчик бала бакчаларга кошумча мониторинг жүргүзүлгөнү белгиленет. Социалдык тейлөө кызматын көрсөтүүчүлөрдү тандоо критерийине ылайык, Бишкек шаары боюнча 2014-жылдан 2019-жылга чейин лицензия алган 73 жеке менчик бала бакча боюнча маалыматтар чогултулган.

Бишкек шаары боюнча мониторинг: – 3500дөн 6000 сомго чейин – 9 бала бакча; 6000ден 8000 сомго чейин – 22 бала бакча; 8000ден 10000 сомго чейин – 42 бала бакча.

Бул тизмеден тышкары ар бир ата-эне өзү жана баласы үчүн ыңгайлуу болгон бала бакчаны тандаса болот.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жеке бала бакчалардын документтерин кабыл алуу жүргүзүлүүдө. Ушул жылдын 15-майына карата жеке менчик бала бакчалардан бардыгы болуп 12 билдирме келип түшкөн, алардын ичинен 9 бакчанын билдирмеси жайгашкан жерине барган техникалык комиссиянын чечими менен канааттандырылды.

Бала бакчалар жалпысана 300 орун берет.

Учурда жарандардан каалаган жеке бала бакчасына социалдык талон алуу үчүн билдирмелер кабыл алынууда.

Бишкек шаарында сыноо мезгили аяктагандан кийин, 2020-жылдан баштап программаны башка шаарларда дагы иштетүү пландалууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM