Биз менен байланышыңыз

Эрдоган 27-августта Орусияга барат

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Авг 2019 | 432 | 0

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 27-августта Орусияга барат. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Эрдоган Орусияга бир күндүк иш сапар менен келет. Бирок жумушчу сапардын жүрүшү тууралуу маалымат берилген эмес.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Эрдоган Москвага келүүнү пландап жатат.

Буга чейин Путин менен Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM