Биз менен байланышыңыз

Трамп: Бизге Кытай керек эмес

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Авг 2019 | 369 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын жаңы тарифтери боюнча жаңы санкциялар киргизилерин билдирди.

Трамп Twitter’деги баракчасына Кытай АКШга бир топ жылдан бери зыян келтирип жатканын жазып чыкты.

«Биздин өлкө Кытай менен көп жылдан бери триллиондогон доллар каражатын жоготту. Алар жыл сайын миллиарддаган доллардык интеллектуалдык мүлкүбүздү уурдашты жана муну мындан ары да улантууну көздөп жатышат. Буга жол бербейм! Бизге Кытай керек эмес, чынын айтсам, аларсыз бир топ жакшы болот», — дейт Трапм.

Ал Американын ири компанияларына тез арада Кытайдын ордуна башка базар табуу буйругу берилгенин да айтып өттү.

Ага кошумчалады, FedEx, Amazon, USPS жана башка компанияларды Кытайга жүк жеткирүүдөн баш тартууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM