Биз менен байланышыңыз

Криштиану улуттук командадан качан кетерин айтты

Кыска кабар , Спорт | 23 Авг 2019 | 701 | 0

«Ювентус» чабуулчусу Криштиану Роналду Португалия курама командасында канча убакыт ойной турганын айтты. Криштиану Роналду TVI каналына берген маегинде:

«Улуттук курама командага эшиктерди жаппайбыз. Күчүм, кайратым бар экен, улуттук курама командага ар дайым келүүгө даярмын. Эгерде алар мени чакырууну каалабаса, кетемин (күлүп). Мен Португалия курама командасы менен көптөгөн ажайып учурларды өткөрдүм. Акыркы 5 жылда командада эбегейсиз ырахат алдым. Себебин сурабаңыз, бирок мен улуттук команданын намысын коргоону жактырам. Мен кээде Португалияга, айрыкча, Лиссабон менен Мадейрага келем», — деди Роналду.

Ал буга кошумча, бир нече жылдан соң үй-бүлөсү менен менен Португалияда жашай турганын да маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM