Биз менен байланышыңыз

24-августта туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 23 Авг 2019 | 630 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 24-августта туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 12….17… күндүз: 23… 28°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 9….14….күндүз: 21…..26°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 15…20….күндүз: 24……29°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 10…..15….күндүз: 17……22°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 7….12…..күндүз: 20….25°C;

24-августта Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 26……28°C, түнкүсүн 15 … 17°C.

 

Copyright © 2017 Maral FM