Биз менен байланышыңыз

Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду

Кыска кабар | 23 Авг 2019 | 905 | 0

Биология илимдеринин доктору эколог, профессор Эмил Шүкүров бүгүн, 23-августта көз жумду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Кыргызстандын экологиясына күйүп, тынчсызданган агабыз, эколог Эмил Шүкүров бүгүн көз жумду. Жаткан жери жаннаттан, ыйманы саламат болсун! Үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз«- деп жазган Эсенгулов .

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Нью-Йорк Илимдер Академиясынын академиги Эмил Шүкүров 1938-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1992-жылы география илиминин доктору наамын алган. 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин, 1962-жылы Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүткөн.

2000-жылдан Борбордук Азиядагы биология ар түрдүүлүктү сактоо боюнча транс чегаралык аймактын долбоорунун илимий кеңешчиси болгон. Зоология, философия, зоогеография, экология боюнча 250дөн ашык илимий эмгектин автору жана 10 монографиянын, 17 картанын автору болгон.

Ошондой эле бир канча баалуу эмгектердин автору болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM