Биз менен байланышыңыз

«Кытай инвесторлорун кытайлык күзөтчүлөр кайтарат деген маалымат жалган»

Кыска кабар | 26 Авг 2019 | 807 | 0

Кытай инвесторлорун кытайлык күзөтчүлөр кайтарат деген маалымат жалган. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Ал ошондой эле жалган маалыматтарды тараткандарга чара көрүлө турганын эскертти.

Кошумчалай кетсек, CentralAsia.news басылмасына кечээ, 25-августта «Кытай күзөтчүлөрү Кыргызстандагы Кытай инвесторлорун кайтарат» деген макала жарыяланган. Аталган макала учурда соцалдык тармактарда каттуу талкуу жаратууда.

Эске салсак, 13-июнда Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында 7,7 млрд. долларлык 24 документке кол коюлган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM