Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: 16 миң га жердин Кумтөргө берилгени тууралуу маалыматка ишенбегиле

Кыска кабар | 3 Сен 2019 | 751 | 0

«Сары-Чат — Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты «Кумтөр» долбооруна кен казууга кайтарылып берилгени тууралуу маалымат боюнча Өкмөт үн катты. Анда жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан кабарларга ишенбөөгө чакырат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Сөз болуп жаткан 16 миң га жер «Сары-Чат — Ээр-Таш» коругуна кирбейт. 2013-жылдан бери коруктун чек арасы өзгөртүлгөн эмес. Буга байланыштуу баарыңыздарды ММКларда жана социалдык тармактарда тараган ар бир маалыматтын аныктыгына көңүл буруп, ошондон кийин гана тыянак чыгарууга чакырам. Ошону менен бирге Кыргыз Өкмөтү үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турарын белгилеп кетким келет», — деп белгилейт Чыңгыз Эсенгулов.

Белгилүү болгондой, 26 миң гектар жер аянты «Кумтөр Голд Компаниге» 1997-жылы берилген. Өкмөт Кумтөр боюнча буга чейин кол коюлган макулдашууга ылайык жаңы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

«Баса белгилеп кетүүчү жагдай, күчүнө кирген Стратегиялык макулдашууда ЖЕР маселеси тууралуу каралган эмес жана СӨЗ да болгон жок (Юстиция министрлигинин сайтынан жана ТОКТОМ базасынан келишим менен таанышсаңыздар болот). Анда финансылык келип түшүүлөрдүн мурдагы суммасы 87 млн доллардан дагы 150 млн долларга чейин көбөйтүлгөн. Демек, учурдагы Өкмөт Кумтөр боюнча стратегиялык макулдашуунун шарттарын жакшыртууга жетишип, аны менен бирге өзүбүзгө бир дагы кошумча милдеттенме алган жок», — деп жазылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM