Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 23-августта жаан жаайт

Кыска кабар | 22 Авг 2019 | 442 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 23-августта туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 14….19… күндүз: 25… 30°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 10….15….күндүз: 24…..29°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 15…20….күндүз: 27……32°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 6…..11….күндүз: 18……23°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 5….10…..күндүз: 19….24°C;

23-августта Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт, түнкүсүн күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 32……34°C, түнкүсүн 17 … 19°C.

Copyright © 2017 Maral FM