Биз менен байланышыңыз

«Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» түзүлдү

Кыска кабар | 22 Авг 2019 | 448 | 0

Өкмөткө караштуу «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Долбоорунун максаты адамдык капиталды өнүктүрүүгө, ошондой эле региондордо ишканаларды түзүү жана колдоо материалдык–техникалык базаны чыңдоо болуп саналат.

2017-жылдын сентябрында кол коюлган Стратегиялык макулдашуунун алкагында «Центерра Голд Инк.» компаниясы жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоону кеңейтүүгө багытталган жаңы милдеттенмелерди, ошондой эле региондорду өнүктүрүүгө багытталган иш чараларды колдоону өзүнө алат.

Түзүлгөн фонд региондорду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү инвестициялык долбоорлорго, эко-туризмди өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө багытталган иш чараларды жана долбоорлорду каржылайт жана колдойт. Өзгөчө, региондордо жаңы ишканаларды түзүүгө жана колдоого, экспортко багытталган өндүрүштү колдоого, инновациялык технологияларга, кайра жаралуу энергия булактарына, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана куроо өндүрүшүнө көңүл бөлүнөт.

Макулдашуулардын алкагында фонддун пайдасына бир нече транш менен 10,0 млн доллар түшүүсү, ошондой эле жылдык жалпы кирешеден 0,4 пайыз өлчөмүндө жыл сайын түшүүлөр пландалууда.

Өкмөттүн токтомун кабыл алуу кандайдыр-бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Мындан тышкары финансы каржаттарынын келип түшүүсү «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому тарабынан жүргүзүлөт. Ошондуктан республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды тартпайт.

Copyright © 2017 Maral FM