Connect with us

22-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 21 Авг 2019 | 584 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 22-августта туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 15….20… күндүз: 29… 34°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 10….15….күндүз: 28…..33°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 15…20….күндүз: 30……35°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 4…..9….күндүз: 21……26°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 4….9…..күндүз: 22….27°C;

22-августта Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 32……34°C, түнкүсүн 17 … 19°C.

 

Copyright © 2017 Maral FM