Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Өтмөктөрдү оңдоодо казынага 376,6 миң сом зыян келтирилди

Кыска кабар | 21 Авг 2019 | 388 | 0

Бишкек шаарынын прокуратурасы жер алданынан жана жер үстүнөн жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөрдүн капиталдык ремонт жүргүзүүдө иштин баасын жогорулатуу фактысын аныктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган факт боюнча 14-августта Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

2018-жылы Бишкек шаардык  прокуратурасы тарабынан Чүй проспектиси жана Абдырахманов көчөсү, Манас жана  Чүй проспектилериндеги жер алданынан жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөрдүн жана ошондой эле Курманжан Датка (Аламедин базары) жана  Шабдан баатыр (Мадина базары) көчөлөрүндөгү жер үстүнөн жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөрдүн капиталдык ремонт иштерин жүргүзүү боюнча өткөрүлгөн сынактарына текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 498,9 миң сом суммасында иштин баасын жогорулатуу боюнча факт аныкталып, 122,3 миң сом акча каражатына кылынуучу иштер ортомчулар тарабынан четтетилген. Натыйжада жалпысынан Бишкек шаарынын казынасына 376,6 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Ошондой эле, 2018-жылы Бишкек шаардык прокуратурасынын текшерүүсүнүн негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын 7 кызматкери  дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

Сотко чейинки өндүрүш иши учурда УКМКга өткөрүлүп берилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM