Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 21-августта күн ачык болот

Кыска кабар | 20 Авг 2019 | 500 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 21-августта күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 14….19… күндүз: 31… 36°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 9….14….күндүз: 26…..31°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 14…19….күндүз: 31……36°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 7…..12….күндүз: 18……23°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 4….9…..күндүз: 18….23°C;

21-августта Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 33……35°C, түнкүсүн 17 … 19°C.

Copyright © 2017 Maral FM