Биз менен байланышыңыз

Өкмөт ИИМдин жол эрежесин бузуу боюнча айып пулду азайтуу демилгесин колдойт

Кыска кабар | 19 Авг 2019 | 430 | 0

Өкмөт Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын бир нече эрежелерин бузуу боюнча  айып пулдун көлөмүн азайтуу демилгесин колдойт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков нормативдик-укуктук актыларды, сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган чечимдерди талдоо боюнча мекемелер аралык жумуш топтун жыйынында билдирди.

Вице-премьер-министр жарандардын көптөгөн кайрылууларынын  негизинде өзгөртүүгө сунушталып жатканын белгиледи.

 «Бизге коомчулуктан, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, айдоочулардан айып пулдардын бир нечесин азайтуу боюнча жетишээрлик кайрылуулар келип түштү. Биздин жумушчу топ эреже бузуунун 8 түрү боюнча айып пулду азайтууга макул болду», — деди Жеңиш Разаков.

Жол кыймылын төмөнкү категориялары боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу сунушталууда: -Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы;

-Жолдун жүрүүгө уруксат берилген бөлүгүндөгү белгилердин талаптарын аткарбагандыгы (кууп келип, ашып кетүү же каршы тилкеге чыгып манёвр жасоо сындуу эрежелерди бузуу фактыларын кошпогондо);

-Унааны туура эмес жерге токтотуу боюнча эрежени бузуу;

-Коопсуздук дистанциясын жана аралыкты сактабай, автомагистралдар боюнча жол эрежелерин бузуу;

-Светофордон уруксат берилбеген учурда стоп-сызыгынын алдына токтоо, көрсөтүлгөн жол белгилерин же өтүүгө уруксат берилген жолдун бөлүгүнөн  Жол кыймылынын эрежелерин сактабай өтүү;

-Ашып өтүү боюнча эрежени бузуу;

-Сырткы жарык берүүчү приборлорду же эскертүүчү сигналдарды колдонууда эреже бузуу.

Жогоруда тизмектелген эреже бузуулар боюнча айып пулдун көлөмүн 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүү болжолдонууда.

Copyright © 2017 Maral FM