Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Алтай элдеринин эл аралык симпозиуму өтүүдө

Кыска кабар | 19 Авг 2019 | 682 | 0

Бүгүн, 19-августа Бишкекте Алтай элдеринин эл аралык симпозиуму өтүүдө. Иш-чарага бир нече өлкөнүн Түркия, Япония, Орусия, Казакстан жана Түштүк Корея баштаган 15 өлкөнүн көрүнүктүү ишмерлери катышууда.

Тарых илимдеринин кандидаты Кыяс Молдокасымовдун айтымында, симпозиум беш күнгө созулуп, эртең 20-августа Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында уланат.

Ал билдиргендей, жыйындын негизги темасы «Мал чарбачылыгы» болот.

Иш-чара эки жылда бир өткөрүлүп турат. Бул жылы жыйынга 200дөн ашык адам катышууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM