Биз менен байланышыңыз

Шаардык сот Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды

Кыска кабар | 16 Авг 2019 | 527 | 0

Бишкектин шаардык соту бүгүн УКМКдагы көчмө жыйынында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын карап, аны 26-августка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Бул тууралуу мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. Адвокат Атамбаевди бошотуу өтүнүчүн билдирээрин сотко кирип жатканда айткан.

Баш коргоо чарасын кароо адегенде Бишкектин шаардык сотуна белгиленип, кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жылганы кабарланды.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.

Атамбаевге учурда жалпы 14 иш боюнча айып тагылууда.

Copyright © 2017 Maral FM