Биз менен байланышыңыз

Абдыкадыр Орозбековдун музейи оңдолот

Кыска кабар | 15 Авг 2019 | 606 | 0

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Бул чечим мааракени натыйжалуу уюштуруу жана өткөрүү үчүн мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жетектөө жана координациялоо максаттарында кабыл алынган. Жакынкы күндөрү Мухаммедкалый Абылгазиев уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрүүгө ниеттенүүдө.

«Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы түзүлдү. Алардын алкагында анын өлкө тарыхындагы ролу тууралуу илимий-конференция өткөрүү, Бишкек шаарында мемориалдык такта орнотуу жана А.Орозбеков атындагы музейде оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жана башка бир катар чаралар пландалууда», -деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM