Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Эртең Бишкекте маал-маалы жаан жаайт

Кыска кабар | 14 Авг 2019 | 474 | 0

Эртең, 15-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоого жакын жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Бул тууралуу бүгүн Кыргызгидромет борбору маалымдады.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19
күндүз +24…+29

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +11…+16, күндүз +21…+26

Нарын дубанында түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18 градус, күндүз +26…+28 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16 градус, күндүз +21…+23 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM