Биз менен байланышыңыз

Бабанов «Манас Ордодо» түлөө өткөрүп жатат

Кыска кабар | 12 Авг 2019 | 136 | 0

Москвадан Кыргызстанга келген саясатчы Өмүрбек Бабанов бүгүн Таласка барды. Учурда Бабанов балдары жана жубайы менен «Манас Ордо» комплексине түлөө өткөрүп эл менен жолугушуп жатканын аны коштоп жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев “Маралга” билдирди.

«Кыргызстандан чыгып кеткенине бир жылдан ашып, 2 жылга чукулдап калды да. Ошон үчүн «Манас Ордого» келип зыярат кылып, эл менен жолугуп жатат. Эл өзү тегеректеги айылдагылар келип, Бабанов менен учурашып, ал-ахыбалын сурап, өзүлөрү эле чогулуп жатат», — деди депутат.

Анын айтымында, Бабановду Парламенттин депутаттары Руслан Казакбаев, Кенжебек Бокоев, Мирлан Жээнчороев, Талас шаарынын мурдагы мэри Анарбек Кушубеков коштоп жүрүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM