Биз менен байланышыңыз

Бирөөнүн жасалма паспортун алып жүргөн жаран Чечмеде кармалды

Кыска кабар | 10 Авг 2019 | 561 | 0

“Чечме-автожол” чек ара бекетинде жасалма паспорт менен Кыргызстандын жараны кармалды. Чек арачылар башка бирөөнүн документи менен Өзбекстанга өтүүгө аракеттенген 24 жаштагы Кыргызстандын жаранын аныкташкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

1995-жылы туулган Э.А. аттуу жаран паспорт көзөмөлүнөн өтүп жатып көрсөткөн паспорт 1987-жылы туулган Ш.К. аттуу жаранга таандык экени билинди. Сурак учурунда шектүү башка бирөөнүн документин колдонгонун моюнга алган.

Атайын текшерүүнү жыйынтыгында пайдаланылган паспорт жасалма болуп чыккан. Документтер толтурулуп, кармалган жаран тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM