Connect with us

УКМК коомчулукту шектүү акцияларга катышуудан баш тартууга чакырат

Кыска кабар | 10 Авг 2019 | 493 | 0

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) комчулукту жалган акцияларга катышуудан этият болууга чакырды. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук менен иштөө бөлүмү бүгүн таратка билдирүүдө айтылат.

Коомчулукта Кой-Таштагы Атамбаевди кармоо операциясында жаракат алган атайын аскерлерге кымбат баалуу дары-дармектер керек деген маалымат тараган. УКМК муну чындыкка дал келбестигин расмий билдирет.

Кой-Таштагы окуяда жаракат алган атайын аскерлерге кымбат баалуу дары-дармектер керек деген маалымат чындыкка дал келбейт. Азыркы тапта жаракат алган бардык кызматкерлерге ар тараптуу медициналык жардам көрсөтүлүүдө жана керектүү дары-дармектер менен толук камсыздалган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда УКМК жарандардан жаракат алган жоокерлер үчүн акча чогултууга багытталган шектүү акцияларга катышуудан баш тартууга чакырат.

Эгерде так маалыматтарды алууну каалагандар болсо, 0312 66 04 75 номуру иштээрин, УКМКнын нөөмөт кызматына байланышып, так маалымат алса болорун билдирет.

Copyright © 2017 Maral FM