Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга келген Бабанов коомчулукту тынчтыкка чакырды

Кыска кабар | 9 Авг 2019 | 567 | 0

Саясатчы Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келди. Манас аэропорттон тосул алган элге ыраазычылык айтып, коомчулукту тынчтыкка, биримдикке чакырды.

Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин козгогон кылмыш иштери боюнча тараткан билдирүүсүн укканын, мыйзам чегинде жооп берүүгө даяр экенин айткан.

Мен ар дайым мыйзам чегинде гана иш алып баргам. Мени эч ким текшерген жок, башкысы, Кыргызстандын бүтүндүгүн сактайлы. Тосуп алгандарга баарыңарга ыраазычылык айтам”, деди Бабанов.

Өмүрбек Бабанов кыргызстанга келээрин кечээ жар салган. Ал арада УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе мыйзам чегинде жоопко тартыларын 8-августта эскерткен.

Ал 2017-жылдагы шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Шайлоодон кийин Москвага кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM