Биз менен байланышыңыз

Вице-спикер: Парламент бүгүн чечкиндүү чечим кабыл алат

Кыска кабар | 8 Авг 2019 | 1154 | 0

Учурда Кой-Таштагы башаламандыктан кийин 6 жоокер барымтада турат. Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакировдун айтымында, ал жоокерлер сүйлөшүүлөрдүн негизинде бошотулат. Парламент дагы бул маселени талкуулап, түз чагылдыруу болот.

Вице-спикердин айтымында, парламент бүгүн чечкиндүү чечим кабыл алат.

Эске салсак, 27-июнда парламент мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алган. 7-августта кечке маал Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Анда ок атылып, жай тургундар менен атайын даярдыктагы аскерлер жаракат алган. Алардын 22си УКМК кызматкери, 2 ИИМдин кызматкери, 23 жай тургун жаракат алды. Атайын кызматтын бир аскери каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген акыркы маалыматы боюнча, ооруканада жаткандардын саны 48ге жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM