Биз менен байланышыңыз

Президент эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкекке келди

Кыска кабар | 7 Авг 2019 | 1083 | 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-августта, бир жумалык кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн токтотуп, Бишкекке жөнөдү. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жазылды.

Эске салсак, Мамлекет башчысы эмгек өргүүсүнө 5-августта чыккан.

Ал эми бүгүн, 7-августта кечке жуук мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында башталган. Учурда атайын операция уланып жатканын УКМК билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM