Биз менен байланышыңыз

Солтон-Сары: Чатакта жабыркагандар медициналык жардам алып жатышат

Кыска кабар | 6 Авг 2019 | 415 | 0

Солтон-Сарыдагы чатакта жабыркагандардын саны расмий маалыматтарда 20га жетти. Иш жүзүндө андан да көп экени айтылууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлагандай, кайрылгандарга медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Жабыркагандар Нарын облустук ооруканасына таңкы саат 5:00дөн тарта келип түшө баштаган.

Чыккан чырдан «Jhong ji Mining» компаниясынын 20 кызматкери жабыркап, ооруканага кайрылган.

Айрым маалыматтарда эл арасында да таш тийип жабыркагандар бар экени, алар медициналык жардам сурап кайрылбаганы айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM