Кыргызгидромет борбордон билдиргендей бүгүн, 4-августта Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө 32…37; Таласта 31…36; Баткен, Ош жана Жалал-Абад аймактарында 33…38;
Ысык-Көл дубанында 26…31; Нарында 27…32 градуска чейин ысыйт.
Бишкекте 4-5-августтарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метр секунданы түзөт. Абанын температурасы 35…37 градус жылуу болот.