Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 12-август дем алыш күнү

Кыска кабар | 2 Авг 2019 | 603 | 0

Кыргызстанда 11-август Курман айт күнү деп жарыяланганына байланыштуу 12-август, дүйшөмбү эс алуу күнү болот.

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

11-август эс алуу күнүнө туура келет. Эмгек Кодексине ылайык мындай учурда эс алуу күнү кийинки күнгө жылдырылат. Ошондуктан 12-август да дем алыш күн болот.

Кыргызстан мусулмандан дийин башкармалыгы – муфтият бүгүн 10-августту арапа, ал эми 11-август Курман айт күн деп расмий жарыялады.

Copyright © 2017 Maral FM