Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 31 Июл 2020 | 670 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчынын айтымында, бүгүн Жараткандын мээримине шүгүр келтирип, тирүүлүктү барктап, ыйманыбызды тереңдетип, ишенимибизди бекемдей турган күн.

«Быйыл Курман Айт майрамын жалпы адамзатты каптаган пандемиянын шартына жараша белгилеп жатабыз. Ушул улуу күнү журтубуз илдеттен тезирээк кутулуп, өлкөбүз өнүксүн, мамлекетибиз күчтүү болсун деп тилейм. Ар бир мекендешиме чың ден соолук, узун өмүр, бардык үй-бүлөгө бакыт–таалай каалайм», -дейт президент.

Ошондой эле бардык чалынган курмандыктар кабыл болушун, кайрымдуулук иштердин сообу көп болушун тиледи.

Бүгүн, 31-июлда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленет. Бул күнү курмандык чалынып, жыт чыгарылып, жарандар бири-бирин куттукташат.

Курмандыкка чалынган мал-жандыктардын эти өлкө боюнча муктаж адамдарга, студенттерге, кары-картаңдарга, балдар үйлөрүнө таратылып берилет.

Быйыл эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Айт намаздары борбордук аянтта жана мечиттерде окулган жок. Кыргызстандын муфтияты элге бири-бирине айттап барбай, үйдө өз үй-бүлөлөрү менен тосууну сунуштайт.

Copyright © 2017 Maral FM