Биз менен байланышыңыз

Кыргызгидрометборбору: Өлкөдө адаттан тыш ысык сакталат

Кыска кабар | 1 Авг 2019 | 481 | 0

Маалыматка ылайык, 2-3-август күндөрү күн өзгөчө ысыйт. Чүйдө абанын күндүзгү температурасы 37…39 градуска чейин ысыса, түштүк тарапта 39-41 градуска жетет.

6-9-август күндөрү Чүй, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +38…+40, Таласта +36…+38 градуска чейин көтөрүлөт.

Ал эми Ысык-Көл, Нарын жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен менен Оштун тоолуу аймактарында өткүн өтүшү мүмкүн экени болжолдонду.

2-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38; Таласта түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 20…25, күндүз 33…38;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29; Нарын облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 36…38°.

Чолпон-Атада күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүзү 24…26°.

Copyright © 2017 Maral FM