Биз менен байланышыңыз

Ленин чокусунан жоголгон орусиялык турист табыла элек

Кыска кабар | 1 Авг 2019 | 594 | 0

Ош облусунун Чоң-Алай районунда 4 күндөн бери дайынсыз болгон орусиялык туристти издөө иши бүгүн уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлайт. Кечээ издөө иш-чараларына ӨКМден жалпы 23 куткаруучу тартылган. Мындан сырткары “Ак-Сай-Тревел” туристтик компаниясынан 6 альпинист издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Орусиялык жаранды издөөгө буга чейин «Кыргызстан Валор Эйр» авиакомпаниясынын 1 тик учагы да тартылган.

Эске сала кетсек, 1974-ж.т. И.И. аттуу Орусия Федерациясынын жараны Ош облусунун Чоң-Алай районуна эс алганы келген. Ал “Горы Азии” туристтик фирмасына катталган. Ал 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп келатып, акыркы жолу саат 18:40та байланышка чыгып, ошол бойдон кайра байланышка чыккан эмес. ӨКМ 4 күндөн бери издөө ишин жүрүгүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM