Биз менен байланышыңыз

1-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 31 Июл 2019 | 635 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 1-августта абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39°ка чейин жогорулашы, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 39-41°ка чейин жогорулашы күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 18….23… күндүз: 34… 39°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 14….19….күндүз: 31…..36°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 18…23….күндүз: 35……40°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 15…..20….күндүз: 23……28°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 10….15…..күндүз: 28….33°C;

1-августта Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 37……39°C, түнкүсүн 21 … 23°C.

 

Copyright © 2017 Maral FM