Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков менен Назарбаев телефон аркылуу cүйлөштү

Кыска кабар | 31 Июл 2019 | 929 | 0

Кечээ, 30-июлда президент Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу cүйлөшүштү. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев кыргыз-казак кызматташтыгынын абалын жана болочогун талкуулашты.

Ошондой эле эки өлкө ортосундагы союздаштык, стратегиялык өнөктөштүк жана ынак кошуналык мамилелерди мындан ары бекемдөөнүн маанилүү экенин белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM