Биз менен байланышыңыз

9-сентябрды Комуз күнү катары белгилөө боюнча жарлыкка кол коюлду

Кыска кабар | 29 Июл 2019 | 610 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Комуз кыргыз элинин салттуу маданиятында өзгөчө орунду ээлейт. Комуздун күүлөрү өзүнө философиялык ойлорду, жашоо-турмушту жана маданияттын өзгөчөлүгүн камтып, муундан муунга өтүп, биздин күндөргө чейин жетти.

Ушуга байланыштуу Кыргызстандын этностук коомчулуктарынын маданияттар аралык диалогун кеңейтүү үчүн салттуу музыканын ролун күчөтүү зарыл.

Аталган багытта тиешелүү ишти жүргүзүү максатында Өкмөткө төмөнкүлөр сунушталсын:

— 9-сентябрды Кыргыз Республикасында жыл сайын белгиленүүчү Комуз күнү деп белгилөө;

— Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Комуз күнүн майрамдоого арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча чараларды көрүүнү тапшыруу.

Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо Президенттик Аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM