Биз менен байланышыңыз

Тажикстан ЕАЭБге кошулушу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 702 | 0

Тажикстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирүүнүн оң жана терс жактары боюнча изилдөө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Дүйшөмбүдөгү жыйында Тажикстандын стратегиялык изилдөө борбору билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Кыргызстан, Беларусия жана Армениянын тажрыйбаларына таянып, ЕАЭБдин оң жана терс жактары изилденип чыккан. Ага ылайык, миграция, экономика, саясат жана геосаясатты камтыган 70 барактан турган документ даярдалганын айтат аталган борбордун эксперти Абдулло Рахнамо. Ошондой эле, бул биригүү миграция үчүн жемиштүү болорун кошумчалаган.

Өткөн жумада Орусиянын Тажикстандагы миграция боюнча ИИМ өкүлү Владислав Маркевич ЕАЭБге кирүү менен миграция тармагында бир топ жеңилдиктерди аларын айткан.

Тажикстан 2018-жылдын 14-майынан бери Евразия Экономикалык Биримдигинин жыйындарында байкоочу өлкө катары катышып келет.

ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Беларусия, Казакстан жана Орусия өлкөлөрү мүчө.

Copyright © 2017 Maral FM