Биз менен байланышыңыз

27-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 529 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 27-июлда абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39°ка чейин жогорулашы, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 27-июлдан 3-августка чейин 39-41°ка чейин жогорулашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 17….22… күндүз: 32… 37°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 9….14….күндүз: 28…..33°C;

Жалал-Абад облусунда

түнкүсүн: 17…22….күндүз: 33……38°C;

Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 17…22….күндүз: 33……38°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 12…..17….күндүз: 21……26°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 8….13…..күндүз: 26….31°C;

27-июлда Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 34……36°C, түнкүсүн 18 … 20°C.

 

Copyright © 2017 Maral FM