Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик президенттери жолугушту

Кыска кабар | 26 Июл 2019 | 992 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ак-Сай менен Ворухтун чектешкен аймагынан жолугушту.

Мамлекет башчылары андан ары расмий сүйлөшүү үчүн Тажикстандын Исфара шаарына жөнөп кетишти.

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барды.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин, анын ичинде чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесстерин талкуулашат.

Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында улантылып, Исфарадагы жолугушуунун жыйынтыктары чыгарылат. Ошондой эле, Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы кызматташтык маселелеринин бардык спектрлерин жана өз ара аракеттешүүнүн келечегин талкуулашат.

Чек арада жолугушкан президенттер [фото]

Copyright © 2017 Maral FM