Биз менен байланышыңыз

Тунистин президенти каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 615 | 0

Тунистин президенти Аль-Бажи Каид ас-Себси 93 жашында каза болду. Бул тууралуу анын Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.

«Бүгүн, 25-июлда Тунистеги аскердик ооруканада өлкө башчысы Аль-Бажи Каид ас-Себси каза болду», — деп жазылат маалыматта.

Акыркы айларда Каид Себси ден соолугуна байланыштуу ооруканага тез-тез жата баштаган. Ал тургай, бир нече ирет «Тунистин президенти каза болуптур» деген жалган кабар да таркап, кайра төгүндөлүп турган.

Каид Себси президенттик кызматты 2014-жылдан бери аркалап келет.

Copyright © 2017 Maral FM