Биз менен байланышыңыз

Владимир Путин Алмазбек Атамбаев менен жолукту

Кыска кабар | 25 Июл 2019 | 735 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн Алмазбек Атамбаев менен Кремлдеги иш бөлмөсүндө жолукту. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазды.

Жолугушуудан кийин Владимир Путин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстанга учурда саясий туруктуулук керектигин, өлкө эли азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун айланасына биригүүгө милдеттүү экенин айтты.

«Менин позициям жакшы белгилүү. Атамбаевге да ушул позицияны сунуштадым. Мен Кыргызстанды бизге тарапташ, жакын мамлекет катары санайм. Кыргызстан бир нече жолу, тагыраагы, эки ирет олуттуу ички саясий силкинүүгө тушукту. Эми Кыргызстан өз кызыкчылыгы үчүн ушуну менен токтолушу керек деп эсептейм», — деди Путин.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда жасай турчу иштер көп экенин, аны азыркы бийлик менен биргеликте жүзөгө ашырарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Орусиянын Канттагы авиабазасы аркылуу Москва шаарына учуп кеткен. Атамбаев баштаган топ түшкөн учак Москва шаарына Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18:30да конгонун, аларды Россия Федерерациясынын Коргоо кызматы саат 18:37де тосуп алганын, алар түз эле Кремлге барарын Кундуз Жолдубаева Фейсбук баракчасы аркылуу кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM