Биз менен байланышыңыз

Атамбаевди Москвага бир топ адам коштоп кетти

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 477 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Москвага «РусДжет» авиакомпаниясынын «ВС: RRJ-95B» учагы менен учту. Бул тууралуу анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Фейсбук баракчасына жарыялап, делегация курамын белгиледи.

Маалыматка ылайык, Атамбаевди КСДПнын башчысынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова, Жогорку Кеңештин депутаттары Мурадил Мадеминов, Ирина Карамушкина, КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева жана партиянын Орусиядагы расмий өкүлү Темирлан Султанбеков коштоп кетишти.

«Москвада жогорку деңгээлдеги жолугушуу болот», — деп кошумчалайт Кундуз Жолдубаева.

Copyright © 2017 Maral FM