Биз менен байланышыңыз

Баткен: Чек арада абал туруктуу. Жолдор жабык

Кыска кабар | 24 Июл 2019 | 624 | 0

Баткендин Ак-Сай айыл аймагында чек арада абал тынч. Жолдор ачыла элек. Бул тууралуу Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев билдирди.

Күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, кырдаалды көзөмөлдөп турушат. Айыл тургундары түнкүсүн мөөнөттө турушту.

Ал эми тажик тараптын күч кызматкерлери тосуп алган Ош-Исфана стратегиялык унаа жолунун Орто-Боз айылындагы бөлүгү да жабылган бойдон турат.

Copyright © 2017 Maral FM