Биз менен байланышыңыз

Манас районундагы завод бүтүндөй Талас облусун кирпич менен камсыздайт

Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 552 | 0

Жеке ишкер Белекбек Абдыкаимов 10 жылдан бери Манас районунун Жайылган айылындагы кирпич заводун иштетет.

Ишкердин айтымында, чакан завод бүтүндөй Талас облусун кирпич менен камсыздап, ошондой эле, мамлекеттик буйрутмаларды да аткарат.

«Бул заводду 2007-жылы ачканбыз. Андан бери ички рынокту жакшы өздөштүрүп алдык. Күнүнө 20-25 миң кирпич чыгарабыз. Бири калбай дароо буйрутма боюнча кетет. Ошондой эле, бизге мамлекеттен да буйрутмалар түшүп турат«, — деди ал.

Ал белгилегендей, коңшу Казакстандан да келип алып кеткендер бар. Заводдо 60-70 жумушчу эмгектенет. Алар күнүнө 500-700 сом маяна алышат. Учурда кошумча мештер курулуп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM