Биз менен байланышыңыз

Алматыда мыйзам бузган 800 чет элдик жаран кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июл 2019 | 2949 | 0

Казакстандын Алматы милиция бөлүмү миграциялык мыйзамдарды бузган 800 чет элдик жаранды кармады. Бул тууралуу «Tengrinews» порталы жазды.

Маалыматка ылайык, «Легалдуу эмес» операциясынын алкагында чет элдиктер иштеген жаңы курулуш иштери, билим берүү борлору, соода тармактары текшерүүгө алынган. Рейд учурунда 794 адам административдик жоопкерчиликке тартылган.

Мигранттардын көпчүлүгүнө тиешелүү документтери жоктугуна байланыштуу жана чет элдик жумушчуларды ишке тартуудагы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн айып салынган. Ошондой эле, бир топ жарандын иши сотко өткөнү да маалым болду.

Copyright © 2017 Maral FM