Биз менен байланышыңыз

«Мир» телерадиокомпаниясынын төрагасы Радик Батыршин Данакер ордени менен сыйланды

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 499 | 0

Бүгүн, 22-июнда президент Сооронбай Жээнбеков «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын төрагасы Радик Батыршинге Данакер орденин тапшырды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын КМШда эле эмес, бүт дүйнө жүзүндөгү актуалдуу көйгөйлөрдү жана иш-чараларды чагылдыруудагы алгылыктуу иштерин канааттануу менен белгиледи.

«Сиздердин жамаат Шериктештикке кирген мамлекеттердеги телекөрүүчүлөрдүн арасында чоң абройго ээ болуп, компания дүйнөдөгү мыкты теле уюмдары менен атаандаша боло ала турганын далилдеди», — деди президент.

Эл аралык «Мир» телерадиокомпаниясынын төрагасы Радик Батыршин ал жетектеген каналдын ишмердигине берген жогорку баасы үчүн Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди. Ага ыйгарылган жогорку сыйлыкты көп улуттуу жамааттын жана бүтүндөй телерадиокомпаниянын сыйлыгы катары кабыл аларын баса белгиледи. Андан тышкары, ар тармактуу жаңы долбоорлорду баштоо боюнча телеканалдын пландары боюнча маалымат берди.

Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков «КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий байланыштарды жана достукту бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Эл аралык «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын төрагасы Радик Батыршинди Данакер ордени менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка 2018-жылы кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM