Биз менен байланышыңыз

Таласта Түркиянын «Нирвана» төө буурчагы сыноодон өтүп жатат

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 435 | 0

Учурда Таластын Бакай-Ата айылындагы сорт сыноо участкасында Түркиянын Конья шаарынан алынып келинген төө буурчактын «Нирвана» сорту сыноодон өтүп жатат. Бул тууралуу сорт сыноо участкасынын башчысы Өмүрзак Баатырбеков билдирди.

Талас облусунда айдалып жүргөн мурдагы сорттордун түшүм берүүсү төмөндөп кеткендиктен, урукту алмаштыруу максатында ушул сорт алынып келинген.

Учурда «Нирвана» сорту 31 гектар жерге айдалды. Эгер жакшы түшүм берип калса, жакынкы эки жылда бүтүндөй Талас облусуна жайылтыларын кошумчалады Баатырбеков.

Copyright © 2017 Maral FM