Биз менен байланышыңыз

«Атамбаев өзү дайындаган соттордон коркуп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Июл 2019 | 540 | 0

Мыйзам алдында баары бирдей болуш керек. Эгерде премьер-министрдин же президенттин туугандары кылмыш кылса, аларды да мыйзамдын чегинде жоопко тартуу зарыл. Биз ушуну талап кылышыбыз кажет. Мындай пикирин КРнын Эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ошондой эле, юрист Атамбаевдин сотторго көрсөткөн ишенбестиги анын өзүнүн күнөөсү экендигин айтты.

«Атамбаевдин аракетин айтсак, бул жерде биринчи жоопкерчилик маселеси болуп жатат. Атамбаев тергөөчүгө, сотко жактоочулары менен барып, «Менин күнөөм жок кана далилдегиле», — деши керек болчу. Өзүнүн сотторуна ишенбестиги өзүнүн күнөөсү, өзүнүн кемчилиги. Ал өзү алып келген адамдардан кооптонуп жатат. Ушул соттордун баарын Атамбаев өзү дайындаган. Эгерде ишеничсиз сотторду дайындаган болсо — күнөө өзүндө. Демек жаман адамдарды койгонун өзү сезип турат да», — деди юрист.

Copyright © 2017 Maral FM