Биз менен байланышыңыз

Чолпонбаев: Атамбаевди качан кармап кетүүнү сот чечет

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Июл 2019 | 530 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди качан, кантип кармоону сот чечет. Мындай пикирин КРнын Эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Чакыруунун атайын процедуралары бар. Кылмыш процессуалдык кодексинде ачык көрсөтүлгөн. Ал жерде варианттар жазылган. Кимди болсо да: күбө болобу, шектүү адам болобу, атайын чакыруу кагазы менен чакырат, же телефон менен чакыруу мүмкүнчүлүгү бар. Ал жерде: «Канча жолу чакыруу катын жиберсе болот, канча жолкудан кийин күч менен кармап алып келсе болот», — деп жазылган эмес. «Кайсы убакта кандай кылып чакырса болот» дегенди иш тергөөдө болсо тергөөчү, сотто болсо судья чечет», — дейт Чолпонбаев.

Юрист ошондой эле процессуалдык кодекске ылайык, Атамбаевдин иши токтотула турушу керектигин кошмучалайт.

«Азыр Атамбаевге 3 жолу чакыруу жиберилди. Атамбаев болсо Жогорку Кеңеш аны кол тийбестигинен ажыраткандыгы мыйзамсыз экендигин айтып, барбай жатат. Бизде кылмыш процессуалдык кодексинде жана жарандык процессуалдык кодексте да эгерде каралып жаткан мыйзам ченеми Конституциялык палатага жиберилип калса, анда чакыруулар, ишти кароо процесси токтотула турат деп жазылган. Атамбаевдин жактоочулары «Жогорку Кеңештин токтому конституцияга туура келеби, келбейби?» деген суроо менен кайрылып, Конституциялык палатага берип койду», — дейт Чолпонбаев.

Палата азырынча аны карай электигин, жайкы эс алууга чыгып кеткендиктен маселени качан карары белгисиз экен юрист кошумчалайт.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевдин «экс-президент» макамын алды. Андан бери ал 3 жолу күбө катары суракка чакырылып, бирок барган жок.

Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө суроолорго жооп берип жатып, Орусияга барып келери тууралуу айткан. Бирок ал өлкөдөн качып кетүү ниети жок экенин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM