Биз менен байланышыңыз

Чолпонбаев: Атамбаевдин чет өлкөгө чыгуусу мыйзам талаптарына жооп берет

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Июл 2019 | 523 | 0

Атамбаевдин чет өлкөгө чыгуусуна эч ким тоскоол боло албайт. Мындай пикирин Эмгек сиңирген юрист Мукар Чолпонбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, азырынча Атамбаев күбө катары чакырылууда. Ага шектүү деген макам берилмейинче, сыртка чыгуусуна чектөө коюлбайт.

— Биринчи тергөөгө күбө катары эле чакырылат. Айыбын көрсөткөндө гана шектүү адам болот. Атайын токтом чыгып, шектелүүчү деген макам берилгенге чейин жана бөгөт коюу чарасы жөнүндө атайын чечим кабыл алганга чейин эч ким эч кимди токтото албайт. Демек, Атамбаевдин чет өлкөгө чыгуусу мыйзам талаптарына жооп берет, — деди Чолпонбаев.

Copyright © 2017 Maral FM