Биз менен байланышыңыз

«Талас даамы» сыр заводунда күнүнө 30 тонна сыр чыгарылууда (фото)

Кыска кабар | 21 Июл 2019 | 1161 | 0

Өндүрүм Орусияга жөнөтүлөт. Анан калса, Бажы биримдигинин талаптары катуу. Ошондон улам, сүттү кылдат текшерип алабыз. Биздин ишкана Бажы биримдигинин комиссиясы тарабынан 3 жолу текшерүүдөн өткөн. Негизги максатыбыз Кыргызстандын рыногуна сапаттуу сырларды чыгаруу. Мындай пикирин «Талас даамы» сыр заводунун орун басары Каныбек Тууганбаев билдирди.

Каныбек Тууганбаев билдиргендей, «Талас даамы» сыр заводунун негизги максаты Кыргызстан элин таза, сапаттуу сыр менен камсыз кылуу болуп саналат. Андан артса гана Казакстанга жана Орусияга чыгарылат.

Бүгүнкү күндө 45ке жакын кызматкер эмгектенген ишканада Голландия жана Франция технологиясы менен күнүнө 30 тонна сыр чыгарылат.

Өндүрүм сапаттуу болуусу үчүн сүттү негизинен Суусамыр жайлоосунан жана Таластын Бакай-Ата жана Талас райондорунан алып келишет.

Copyright © 2017 Maral FM