Биз менен байланышыңыз

Ат-Башы районунда «Бирдиктүү терезе» ишке кирди

Кыска кабар | 19 Июл 2019 | 594 | 0

Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы райондук башкармалыгында «Бирдиктүү терезе» иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди. 

«Бирдиктүү терезенин» расмий ачылышына Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов, Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субакожоев, ошондой эле, салык органынын жетекчилиги жана кызматкерлери, салык төлөөчүлөр катышты.

Ат-Башы районунун салыкчылары эми жарандарга жана салык төлөөчүлөргө салыктык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрүн бир жерден көрсөтүүгө өтүштү. Ошол эле учурда, бул бөлмө салыктарды жана камсыздандыруу өтөмөлөрүн төлөө үчүн банктын кассасы милдетин да аткарат.

Белгилей кетсек, учурда 44 салык органында «бирдиктүү терезе» иштеп жатат. Мындан тышкары, ири базарларда жана соода түйүндөрүндө ушул сыяктуу сервистик борборлор бар.

Copyright © 2017 Maral FM